БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткенде милиция кызматкерлерине 32 батирлүү үй салына баштады

Баткенде милиция кызматкерлерине 32 батирлүү үй салына баштады

Сүрөт: Баткен ОИИБ

Раззаков шаарында Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине 32 батирлүү үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу 16-майда Баткен облустук милициясынан кабарлашты. 

Көп кабаттуу үйдүн пайдубалына капсула салынып, курулушу Ички иштер министрлигинин курулуш монтаждоо башкармалыгы тарабынан колго алынган. Турак жайды Кыргыз милициясынын 100 жылдык майрамына карата ноябрда тапшыруу пландалууда.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, буга чейин Раззаков шаарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн салынган кызматтык үй болгон эмес.

Жыл сайын 1-ноябрда Кыргыз милициясынын кесиптик майрамы белгиленет. 

Автор: Осмонова Айдана > 652 статей