БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент Жапаров уран казууга уруксат берген мыйзамга кол койду

Президент Жапаров уран казууга уруксат берген мыйзамга кол койду

Сүрөт: Акипресс

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 27-июнда мамлекет башчысынын сайтына жарыяланды.

Аталган мыйзамды Министрлер кабинети демилгелеп, июнь айында парламентке келип түшкөн. Аны 13-июнда Жогорку Кеңеш  дароо эки окууда кабыл алган. 

Муну менен Кыргызстанда 2019-жылы кабыл алынган "Уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу ишке тыюу салуу жөнүндө" мыйзамын күчүн жоготту деп табылды. 

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан. Мындай пикирин президент ушул жылдын февраль айында Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушууда билдирген. Жапаров кен иштеп баштаса аймакка да, республикалык казынага да ири киреше алып келерин белгилеген.

2019-жылы апрель айында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан "Кыргызстандагы ЮрАзия" компаниясынын лицензиясын токтоткон. Парламент уран, торий кендерин иштеткенге тыюу салган мыйзам долбоорду кабыл алган.

Автор: Осмонова Айдана > 654 статей