БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Russia жазуусу USA болуп өзгөргөн. Шамалдын изиби же шок балдардын аракетиби?

Russia жазуусу USA болуп өзгөргөн. Шамалдын изиби же шок балдардын аракетиби?

"Т-Медианын" коллажы

17-февралга караган түнү болгон катуу шамалдан Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортунун дубалынын дагы бир бөлүгү кулап түштү. Ал ортодо "Фейсбук"  колдонуучулары Калининградда катуу шамалдан улам Россия деген жазуу жыгылып, USA деген тамгалар гана туруштук берип туруп калган сүрөттү бөлүштү.

Бул сүрөт качан жана жагдайда тартылган? Чыныгы сүрөтпү же фейкпи?  Т-Media текшерип көрдү.  

Издөө системасы аркылуу сүрөт 2015-жылы тартылганын аныктадык.  Ошол жылдын 8-ноябрында Калининградда катуу шамал болуп, Жеңиш аянтына дүйнөлүк футбол чемпионатына карата орнотулган "RUSSIA 2018" деген жазуунун бир бөлүгү кулап түшкөн. Кийин U S A деген тамгалар гана калганы тартылган сүрөт интернетте тарап кеткен.

Х (Твиттер) социалдык түйүнүнүн колдонуучулары да бул сүрөттү 2015-жылы жүктөшкөн. Билдирүүдө "Калининграддагы бороон Россияны АКШга айлантты" деп айтылат. 


"Калининград.Ru" порталы шамал Жеңиш аянтында Russia 2018 деген жазууну кулатканын жазып чыккан. Анда алгач Russia жазуусу USA болуп алмашканы, андан соң А тамгасы жана 208 деген сандар гана калганы айтылат. Макалада бардык тамгалар жерде кулап жатканы, ал эми анын жанында сүрөткө түшкөндөр башка күндөргө караганда көп экени  белгиленген.

Бул сүрөт mail.ru платформасында да кызуу талкууга алынган. Колдонуучулардын бири алгач бардык тамгалар кулап, бир топ жигиттер элди кызыктыруу үчүн USA деген үч тамганы тургузууну чечишкенин жазган. Бирок бул маалымат ишенимдүү булактардан тастыкталган жок.

Жыйынтык: социалдык тармакта тараган сүрөт 2015-жылы тартылган. Андагы тамгалар Калининграддагы катуу шамалдан кулап калганы айтылат.

Автор: Т-Медиа > 355 статей