БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Садыр Жапаров: соодагерлер июлга чейин патент менен иштей берет

Садыр Жапаров: соодагерлер июлга чейин патент менен иштей берет

Сүрөт: "Азаттык"

Соодагерлер июлга чейин патент менен иштеп турушат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 5-декабрда Бишкектеги "Дордой" базарында иштегендер менен жолукканда билдирди. Мамлекет башчы салыктын жаңы эрежелерин ишке ашырууга салыкчылар өздөрү даяр эместигин айтты.

 

"Эки күндөн бери бардыгын изилдеп чыктым. Мен өкмөткө "июлга чейин кандай иштеп жатса, ушул бойдон иштеп турсун" деп айттым. Анткени салыкчыларыбыз өздөрү даяр эмес экен. Муну мен кечээ билдим", -деди ал.

Мындан сырткары өлкө башчы соодагерлердин артында башка күч турганын, аларды курал катары пайдаланып жаткандыгын белгиледи. 

Кыргызстанда ККМге каршы нааразычылык акциялары токтой элек. Буга чейин 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги "Дордой", "Мадина", Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу "Аламүдүн", Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан. Ал эми 2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан "Кудайберген" базарынын соодагерлери иш таштаган.

Бул окуялардан кийин президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн атайын комиссия түзгөн. 

2024-жылдын 1-январынан тартып өлкөдөгү базарларда соода-сатык менен алектенгендер  ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын билдирип келет.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей