БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Июнь окуясына 14 жыл. Президент Жапаров эскерүү күнгө карата кайрылуу жасады

Июнь окуясына 14 жыл. Президент Жапаров эскерүү күнгө карата кайрылуу жасады

Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров Июнь окуясынын 14 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады. 

Мамлекет башчы этностор аралык кагылышуулар бүгүнкү күндө да көптөгөн өлкөлөрдө көйгөй экенин белгилгеди. Ошондой эле мамлекет тарабынан көп этностуу элдин ынтымагын бекемдөө үчүн "Кыргыз жараны" концепциясы ишке ашырылганын айтты. 

"Тилекке каршы, бизде да 2010-жылы көп этностуу Кыргызстаныбыздын биримдигин уратууга, эзелтен боордош болуп жуурулуша жашап келген элибиздин ынтымагын бузууга ниет кылгандардын ою кайсыл бир деңгээлде ишке ашып, дүйнөдөгү негативдүү тенденциялар өлкөбүздүн турмушунда дагы орун алган. Бүгүн 14 жыл мурунку Ош, Жалал-Абад аймактарында болгон кандуу калабаны, анда каза болгон жарандарыбызды кайгыруу менен эскерип турабыз.Ошол каргашадан ондогон кылымдарды башынан кечирген санжыргалуу тарыхы бар Кыргызстан калкы эң алды журт биримдиги деп ураан чакырып чыга алды. Ошентсе да 2010-жылдагы бул каргашалуу окуяны эгерим эсибизден чыгарбашыбыз керек", -деген Садыр Жапаров. 

2010-жылдын 10-14-июнь күндөрү Ош жана Жалал-Абадда улут аралык жаңжал чыккан. Кыргыз бийлиги "июнь коогалаңы" деген атка конгон трагедияда 446 киши набыт болуп, миңден ашууну жаран жарадар болгонун билдирген. Мындан сырткары 3 819 объект өрттөнүп же талкаланганын, материалдык зыяндын өлчөмү 4,21 млрд сомду түзгөнүн жарыялаган.

Автор: Осмонова Айдана > 652 статей