БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Садыр Жапаров: аң-сезимдүү коом курууда ЖМКлардын ролу абдан маанилүү
Президент Садыр Жапаров 7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнүнө карата кыргызстандык журналисттерди куттуктады.
Так, калыс маалымат менен камсыз кылуу аркылуу аң-сезимдүү коом курууда ЖМКлардын ролу абдан маанилүү экенин белгилеген мамлекет башчысы бул кесип ар бир сөзгө маани берүүнү, далилдерге кылдат токтолууну, калыстыкка өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын айтты. Ошондой эле кыргыз мамлекети жаңыдан түптөлүп жатканда "Эркин Тоо" гезитинин көтөргөн жүгү өлчөөсүз болгонун эскерип, бүгүнкү кыргыз журналистикасынын орду дагы жоопкерчиликтүү экенин белгилеп өттү.
"Жарыяланган ар бир маалымат, ар бир уктуруу, ар бир репортаж, керек болсо ар бир кабар бир эле жарандын дүйнө таанымына таасир этпестен, бүтүндөй бир коомдук пикирдин түзүлүшүнө да чоң салым кошот, болуп жаткан окуя боюнча элдин сезимин козгойт. Бул айрыкча, азыркы тездик менен өзгөрүп жаткан дүйнөлүк процесстер маалында таасын байкалууда. Акыл-парасат менен жоопкерчилик принциптери чыныгы журналисттин эң маанилүү сапаттарына айланды. Мындан улам, жаңы Кыргызстанды куруу жолунда коомдогу окуяларды калыс чагылдырууга дилгирлигиңиздерди, умтулууңуздарды жогору баалайбыз", -деди Жапаров.
Куттуктоонун тексти презмденттин сайтына жарыяланды.
Кыргызстанда 7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү белгиленет. Бул дата кыргыз тилиндеги туңгуч "Эркин тоо" гезити 1924-жылы ушул күнү жарык көргөнүнө байланыштуу негизделген.
Автор: Т-Медиа > 390 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat