БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Садыр Жапаров административдик - аймактык реформа мыйзамына кол койду

Садыр Жапаров административдик - аймактык реформа мыйзамына кол койду

Сүрөт президенттин сайтынан алындыы

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайтына 19-июлда жарыяланды. 

Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 2024-жылдын 20-июнунда кабыл алган.

Аны менен Кыргызстанда ирилештирилген административдик-аймактык бирдиктерди түзүү жана алардын административдик чек араларын бекитүү каралган. Жалпысынан 235 бириккен айылдык аймактын жана республикалык, облустук жана райондук маанидеги 33 шаардын администрациялык чек аралары бекитилет.

Мамлекет башчысынын "Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыгы 2023-жылдын 30-декабрында чыккан. Жарлыкка ылайык, Ош облусундагы 88 айыл аймактын саны 58ге кыскартылды.

Административдик-аймактык реформанын пилоттук долбоору алгач Ысык-Көл облусунун Түп району менен Нарын облусунун аймагында ишке ашырылып баштаган.

Автор: Т-Медиа > 354 статей