БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Садыр Жапаров Аксы окуясынын 22 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады

Садыр Жапаров Аксы окуясынын 22 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады

Садыр Жапаров

Аксы окуясынын 22 жылдыгына карата бүгүн, 11-мартта президент Садыр Жапаров кайрылуу жасады. Анда бийлик Аксы окуясын унутпай, элдин бакубат турмушун камсыз кылууга аракет кылып жатканы  айтылган.

 Жапаров Аксы окуясын "авторитардык бийликке каршы жалпы элдик козголууга түрткү берген" деп мүнөздөп, Кыргызстандын соңку тарыхындагы кара тамга менен жазылган саясий окуялардын бири болуп калгандыгын белгилеген. Ал эми каза болгондор элдин эсинде калаарын айткан. 

"Аксы окуясынын каармандары тарыхый бурулуш катары чоң сабак калтырышты. Бул трагедиядан азыркы жана келечектеги муундарыбыз сабак алып, бакубат жашоого умтулушат деген терең ишеничтебиз. Биз Аксы окуясын жадыбыздан чыгарбай, элдин үмүт-тилегин аткаруу үчүн жан үрөп иштөөдөбүз. Бир катар тармактарда жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизинде орун алган көйгөйлөр четинен чечилүүдө. Албетте, мунун баары “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” биримдиктүү журтубуздун колдоосу астында ишке ашууда", - деп жазылган президенттин  кайрылуусунда.

Аксы окуясы

2002-жылы 17-мартта Аксы районунда мурдагы президент Аскар Акаевдин бийлигине нааразылык билдирип чыккан элге ок атылган. Алты киши - Эркиналы Четимбаев, Кадыркул Сапаралиев, Медетбек Бекмуратов, Сатымбай Үркүнбаев, Советбек Тагаев, Элдияр Үмөталиев курман болгон.

Нааразы болгон эл Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровду бошотууну жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөөнү талап кылып чыккан.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, 17-март Аксы окуясынын курмандыктарын мамлекеттик деңгээлде эскерүү күнү деп жарыяланган. 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей