БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Президент Жапаров соңку 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн көлөмү 16%га кыскарып кеткенин айтты
Кыргызстанда 2100-жылга карата мөңгүлөрдүн жарымынан көбү ээрип кетиши мүмкүн. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров 12-ноябрда Бакуда өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшүнүн алкактык конвенциясынын (COP29) тараптарынын 29-конференциясында сүйлөп жатып айтты. Өлкө башчы соңку 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарганын, ал эми айрым аймактарда дээрлик бардык мөңгүлөр жок болуп кеткенин белгиледи.
Жапаров 2024-жылдын биринчи жарымында Кыргызстан жер көчкүлөрүнүн санынын кескин өсүшүнө туш болгонун белгиледи. 300дөн ашык окуялар инфраструктуранын олуттуу бузулушуна, адамдардын каза болушуна жана кооптуу аймактарда жашаган миңдеген тургундардын көчүрүлүшүнө алып келгенине токтолду. Мындан тышкары мөңгүлөрдүн эриши, алардын аянтынын кыскарышы, суунун азайышы, кургакчылык жана чөлгө айлануу сыяктуу көйгөйлөр өлкөдө байкалып жатканын кошумчалады.
"Улуттук деңгээлде аныкталган салымдардын негизинде, Кыргызстан парник газдарынын эмиссиясын 2030-жылга карата "иштердин адаттагыдай эле жүрүшү сценарийи" боюнча 16%га, ал эми эл аралык колдоо болсо 44%га кыскартууну пландап жатат. Биз энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергетикалык эффективдүүлүктү жогорулатуу, газдаштыруу аркылуу көмүр керектөөсүн кыскартуу, электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүүдөгү жоготууларды азайтуу, шаарларда жылуулук менен камсыздоо системаларын жакшыртуу жана энергетикадагы көйгөйлөрдү азайтууда элдин маалымдуулугун жогорулатуу аркылуу көмүртек нейтралдуулугуна жетүүнү көздөп жатабыз", -дейт президент.
Мамлекет башчы 2023-жылы Кыргызстанда он чакан ГЭС ишке киргизилгенин маалымдап, ушул жылы дагы 15ин куруу пландалып жатканын айтты. Ошондой эле жалпы кубаттуулугу 400 МВттан ашкан күн электростанциялары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу каралып жатканын белгиледи.
Баку шаарында БУУнун климат саммитине 50 миңден ашуун адам, анын ичинде жүздөн ашык ар өлкөнүн лидерлери катышууда.Уюмдун колдоосу менен өтүп жаткан COP29 Дүйнөлүк климат саммити Азербайжандын борбору Бакуда 11-22-ноябрга чейин уланат.
Автор: Улукбек кызы Асем > 424 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat