БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Садыр Жапаров автоунааларды милдеттүү техкароодон өткөрүү сунушуна каршы болду

Садыр Жапаров автоунааларды милдеттүү техкароодон өткөрүү сунушуна каршы болду

Сүрөт интернеттен алынды

Өлкө башчы Садыр Жапаров автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү тартибин киргизүүгө каршы. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасына жазды.

Жапаров демилгени "өлкөдө эски унаалардын саны азайганы, такси кызматындагылар автоунааларынын техникалык абалы жакшы болушуна биринчи кезекте өздөрү кызыкдар экени, техникалык кароону милдеттүү түрдө киргизүү коррупциялык тобокелдиктерге жол ачышы ыктымал" деген жүйөөлөрдүн негизинде колдогон эмес. Мындан улам ал мыйзам долбоорун коомдук талкуудан алып коюу сунушун берди.

Кыргызстанда автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү Экономика жана коммерция министрлиги сунуштап, тиешелүү токтом долбоорун 1-августта коомдук талкууга чыгарган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 427 макала