БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Садыр Жапаров Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

Садыр Жапаров Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

Сүрөт: интернеттен алынды

Өлкө башчы 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнү менен бөбөктөрдү куттуктады. Ал өз сөзүндө мамлекет балдар үчүн бир канча долбоорлорду ишке ашыруу алдыда турганын кошумчалаган.

"Урматтуу бөбөктөр, кымбатуу жеткинчектер!

Ардактуу ата-энелер!

Бүгүн "Балалуу үй – бакыт" деп, ар бир үйдө наристенин күлкүсү жаңырып, кубанычы арта турган күн. Мындан улам, баарыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Биз ар дайым "Балдар – биздин келечегибиз!" деп, балдарды туура тарбиялоо жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо маселесине улуттук артыкчылыктардын бири катары терең маани берип келебиз. 

Кымбаттуу уул-кыздарым, эч нерседен жалтанбаган, ар өнөргө эптүү, ар бир ишке шыктуу, ою тунук, акылы жетик, терең билимге сугарылган, ата тарбиясы менен эне адебин көргөн балдар гана Ата Мекенибиздин эртеңки жаркын келечегин түптөй алат. Андыктан, балдарым, ийгиликке жетүү үчүн аракетчил, эрктүү, эр жүрөк, боорукер жана адамгерчиликтүү болууну эсиңерге түйгүлө!

Балалыгыңардын ар бир күнү күлкү менен кубанычка толсун.

Майрамыңар кут болсун!"- деп айтылат куттуктоодо.

Балдарды коргоо күнү 1949-жылы Аялдардын эл аралык демократиялык федерациясынын 2-конгрессинин чечими менен кабыл алынган. Алгачкы жолу 1950-жылы 51 мамлекетте өткөрүлгөн.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей