БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Садыр Жапаров бөйрөк алмаштырууга кеткен чыгымды мамлекет төлөйт турганын билдирди

Садыр Жапаров бөйрөк алмаштырууга кеткен чыгымды мамлекет төлөйт турганын билдирди

Сүрөт: "Кабар"

Президент Садыр Жапаров 6-февралда "Кабар" маалымат агентигине маек берип, Кыргызстанда гемодиализде жаткан жарандардын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымды өкмөт төлөп берерин билдирди.

Мамлекет башчынын айтымына караганда, учурда жалпы 2500дөн ашуун гемодиализ алып жаткан жаран бар. Алардын арасынан элүү бейтап донор таап, толук медициналык изилдөөдөн өтүп, бөйрөк алмаштырууга даярдык иштери башталган. 

"Бардык гемодиализде жаткан жарандарыбыздын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымды (7-8 миң доллар) өкмөт төлөп берет. "Эмне үчүн?" деген суроо туулат. Биз муну менен эки пайда алып келебиз. Кантип? Бүгүнкү күндө гемодиализ алып жаткан жарандарыбыздын ар бирине мамлекет бир жылда 14-15 миң доллар сарптоодо. Ошондо жалпы суммасын эсептесек 2500 кишиге 3 миллиард сомго жакын каражат кетип жатат".

Мындан сырткары Садыр Жапаров жарандар гемодиализден чыгып, өкмөттөн кетип жаткан чыгым үнөмдөлөт дейт. 

Эске салсак, 1-февралда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөктү алмаштыруу боюнча акысыз операциянын алгачкысы жасалган. Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптын абалы туруктуу экендигин билдирди.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей