БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Туу, мамлекеттик сыйлык, Ташов. Президент акыркы окуялар тууралуу маек берди

Туу, мамлекеттик сыйлык, Ташов.  Президент акыркы окуялар тууралуу маек берди

Садыр Жапаров

15-январда президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине мамлекеттик сыйлыктар, туу боюнча бир катар суроолорго жооп берди. 

Желек тууралуу

Өлкө башчы 1-январь күнү Ала-Тоо аянтына макулдашылбай илинген туу боюнча пикирин айтып, "андан трагедия издештин кереги жок" деди. Жапаров ал желек демөөрчүлөр тарабынан жасалганын белгиледи.

"Мэрияга мекенчил демөөрчүлөр тарабынан жасалып келген жаңы желекти илели деген сунуш болгон экен. Мэрия "макул" деп жаңы желекти көтөртүп коюптур. 8-январь күнү Жогорку Кеңеш дыкат карап, берилген сунуштарды эске алып толуктап, үч окууда кабыл алып берген, андан соң өкмөттүн токтому менен бекитилген жаңы желек расмий түрдө көтөрүлдү. Болду го эми, желек боюнча талкууну токтотолу".

1-январда Бишкектин "Ала-Тоо"аянтына жана айрым мамлекеттик мекемелердин имараттарына күндүн кырк нуру түндүккө бириктирилген варианттагы желек илинген. Коомчулукта бул кызуу талкууланып, 8-январда Жогорку Кеңеш кабыл алып, өкмөт токтом менен бекиткен варианттагы туу илинген.

Сыйлык тууралуу

Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлык боюнча да жооп берген. Ал жакында бул тема кескин кыскарып, айрымдары жоюларын айтты.

"Мурда сыйлыктар сатылып келгенин баарыңар эле жакшы билесиңер. Кечээ эле жаңы чыгармачылыгын баштаган жапжаш жарандарыбыз эң жогорку сыйлыктарды алышчу. Тээ СССР мезгилинен бери элге эмгеги сиңгендер сыйлык албай келишкен. Мен келгенден кийин дароо ревизия кылдырттым. Илгертен бери эмгеги сиңип бирок сыйлык ала албай жүргөндөрдүн баарына сыйлык берип бүттүк. Эми быйыл мамлекеттүүлүгүбүздүн 100 жылдыгына байланыштуу 100гө жакын кишиге сыйлык беребиз. Болду ошону менен сыйлык деген теманы кескин кыскартабыз. Айрым сыйлыктарды жоёбузбу же талаптарды күчөтөбүзбү, ал боюнча Сыйлык берүү боюнча комиссия карап чыгат".

Жаңы жыл алдында мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде эстрада ырчысы Нурлан Насиптин композитор катары тааныштырылганы социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан. Айрымдар ырчыны колдоого алса, башкалар обончу менен композиторду айырмалай албай калган деңгээлге жеттик деп сын-пикирлерди жазышкан.

Жамгырчиев тууралуу

Ал эми "чек арадан мыйзамсыз өтүүгө" шектелип жаткан парламент депутаты Эмил Жамгырчиев боюнча да пикирин айтты. Анда эл өкүлү өзбекстандык мыйзамдагы ууру Салимбай байбачадан "эки досту жок кылууну суранганын" кошумчалады.

"Ал жигиттин (ред-Эмил Жамгырчиев) Өзбекстанга чек ара аркылуу эмес, чек араны бузуп өтүп барып, "Салимбай байбача" аттуу мыйзамдагы ууруга жолугуп, эки досту жок кылганга жардам бер деп өтүнүч кылганы боюнча кабарым бар. Бул иш боюнча УКМКнын кызматкерлери жана Өзбекстандын атайы кызматтары иштеп жатышкан. Жыйынтыгы эмне болуп жатканына кызыккан жокмун".

10-январда Жогорку Кеңеш Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Алишер Эрбаев эл өкүлү 2022-жылы Өзбекстандын жараны Салим Абдувалиевден ("Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал) колдоо алуу максатында жолукканы аныкталганын айткан. Депутаттын үстүнөн Өзбекстанда да кылмыш иши козголгонун кошумчалаган. 

2023-жылдын 27-декабрында  Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештен "Альянс" фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган. Жамгырчиев Кылмыш-Жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча айыпталып жатат.

Ташов менен Куренов тууралуу

Президент ошондой эле маегинде бийликти күч менен алмаштырууга кызыкдар "бир ууч топ бар" деп белгиледи. Ал саясий туруксуздук жаратууга кызыкдар кишилердин арасында ишкер Имамидин Ташов менен чет өлкөдө жүргөн активист Тилекмат Куренов да бар экенин айтты.  

"Булар экөө эле эмес, артында башка топтор да бар. Бирок аларды эл ээрчибейт. Артында масса жок. Ал топтор булардын артына жашынып алып, шыкактап олтурушат. Булардын баары бийлик эңсеген же мурда "чоң акырдан жем жеп" жүрүп, биз келгенден кийин жей албай калган шылуундар. Тагыраагы, мурда казынадан уурдап байып жүргөндөр же миллиарддаган салыктарды жашырып, чөнтөктөрүн кампайтып келгендер. Мен "Дордойго" барганда ушулар жөнүндө айттым эле. ККМге каршы чыккандар "арабызда андайлар жок" деп кыйкырып чыгышкан. ККМге каршыбыз деп чыккан элдин ою таза. Эптеп өз көйгөйүбүздү айтып, чечип алалы деп ак ниеттери менен чыгышкан. Арасында мындай арам ойлуулардын бар экенин алар кайдан билсин.  Булардын арам ойлору укмуш экен. Бирок биз алардын мындай арам максаттарына жол бербейбиз. Биз да уктап олтурган жокпуз да. Көпчүлүк эл бизге мамлекеттин жана өз тагдырын ишенип бергенден кийин, караламан калктын ишеничин акташыбыз керек. Тилекмат Күрөңов кайра эле "биз көппүз, Ташов экөөбүз эле эмеспиз" деп бет тырмачылык кылып атат", -дейт Садыр Жапаров.

Имамидин Ташов «Бийликти күч менен басып алууга» шектелип жатат. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 10-январдагы жыйынында ишкердин "УКМКнын кызматкерлери 100 млн сом талап кылды" деген сөзүн төгүндөгөн. Мындан тышкары аны кайсы өлкөдө болбосун сөзсүз кармап, мамлекетке төңкөрүш уюшутуурга даярданганы үчүн жоопко тартаарын маалымдаган.

Ишкердин биринчи кайрылуусу 9-январда социалдык тармактарда тараган. Анда Имамидин Ташов УКМКнын кызматкерлери аны уурдап кеткенин, сегиз күн белгисиз жерде кармап олтурушуп 52 млн сомдон сырткары 100 миллион сом талап кылганын айткан. Ал бул окуялар 2023-жылдын 27-декабрында болгонун, буга желек жөнүндө айткан каршы пикири негиз болгонун кошумчалаган. 

Ташов 14-январда дагы кайрылуу жасап, айыптоолорду четке какты. Ал Тилекмат Куренов болгон баарлашуусу кыркылып, бурмаланганын айтат. Ал эми өзүнүн дайынсыз болуп жатканын күч органдарынын аңдып жатканы менен түшүндүргөн. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей