БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Президент: динге жамынып тескери кеткендерди Муфтият даават айтып жолго салыш керек

Президент: динге жамынып тескери кеткендерди Муфтият даават айтып жолго салыш керек

08.11.2024. Сүрөт президенттин сайтынан алынды

Президент Садыр Жапаров диний ишмерлер менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы 8-ноябрда кабарлады. Жыйында "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланган. 

Жапаров мыйзамга түзөтүүлөр буга чейин дин аалымдары менен бир нече ирет талкууланганын, дагы бир жолу электен өткөрүп, анан Жогорку Кеңешке жиберүүнүн маанилүүлүгүн айтты. Ошондой эле аталган демилге сынга кабылып, радикалдуу пикирлер да болгонуна көңүл бурду.

"Кыргызстан светтик мамлекет экенин эске салып, бирок муфтияттын жана Аалымдар кеңешинин позициясын бекемдөө зарылдыгын белгиледи. Ал мамлекеттик реформалар сыяктуу эле мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы өлкөнүн бардык конфессияларында тартипти орнотууга, анын ичинде мусулмандар арасында ынтымакты камсыздоого мүмкүндүк берерин кошумчалады. Садыр Жапаров Кыргызстан светтик мамлекет болгондон кийин дин иштерине кийлигишпей турганын, ал эми диний ишмерлер болсо мамлекеттин ишине кийлигишпей турганын айтты. Бирок Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында жана жалпы эле диний чөйрөдө Муфтиятка жана Аалымдар кеңешине карата урмат-сыйдын жоктугу көрүнүп турган башаламандык орун алууда", -деп айткан президент.

Мамлекет башчысы 2020-жылы Баш мыйзамдан баштап бардык мыйзамдарды оңдоп-түздөө иштери башталганын, анын натыйжасында тартип орноп, мамлекет өнүгүү жолуна түшкөнүн айткан. Ошондой эле жол менен Муфтият менен Аалымдар кеңешинин позициясын бекемдөө үчүн "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзам долбоорун жаңы редакцияда иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

"Садыр Жапаров динге жамынып алып, тескери кеткендерди Муфтият тарбиялап, даават айтуу менен оң жолго салышы керектигин айтты. "Ал эми "дааватты жоюп атат" дегендерге, даават жоюлбайт, тескерисинче, канчалаган жарандарыбыз даават уккандан соң оң жолго түшкөндүгүнө далилдер көп" деди", -деп айтылат маалыматта.

Диний ишмерлер долбоор акыркы эки айдан бери бир нече жолу талкууланганын жана алардын сунуштары эске алынганын белгилешти. 

Мыйзамда эмнелер өзгөрүшү мүмкүн? Урунттуу учурлар

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия динге байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Мыйзам долбоордо жогорку билими жок жарандар динди жайылткан үгүтчү боло албай калышы мүмкүн. 11-классты аяктамайынча диний окуу жайга кабыл алууга да тыюу салынат. Диний негизде саясий партияларды түзүүгө, партиянын аталышында жана үгүт иштеринде да диний темаларды колдонууга тыюу салуу сунушталган. Диний кызматкерлерге депутаттыкка талапкерлигин коюуга, шайлоо алдындагы үгүт иш-чараларына катышууга жана шайлоо фонддорун каржылоого болбойт. 

Долбоордо диний үгүт ишин жүргүзгүсү келгендерди атайын каттоодон өткөрүү, жогорку жана атайын диний билими бар адамдарга гана үгүт кылууга мүмкүндүк берүү сунушталып жатат. Үгүтчүлөр бир катталганда бир жылдан ашпаган мөөнөткө гана диний иш аракеттерди жүргүзө алат. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин каттоону узартуу үчүн арыз берет. ЖМКлар, социалдык тармактар, мобилдик тиркемелер аркылуу үгүт кылган дин кызматчылары да аккредитациядан жана эсептик каттоодон өтүшү керек болот. Мындан тышкары жашы жете электерди диний уюмдарга тартууга тыюу салынат. Дин жолдоочулар сырткы келбетин тыкан кармашап, адамдын өздүгүн таанууга мүмкүндүк берген кийим кийиши керек болот. 

Сунушталган долбоор боюнча диний сабактарды окуткан адамдар жогорку диний билимге ээ болууга тийиш. Дин таануу сабактарын жекече тартипте жана диний окуу жайдан тышкары окутууга тыюу салынат. Ошондой эле диний адабияттарды, басылмаларды, аудио-видео материалдарды жогорку окуу жайларда, үй, батирлерди кыдырып таратууга да болбойт. Бул эрежелерди бузган жеке тараптарга 20 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып пул салуу сунушталып жатат. 

Дин жаатындагы сабактарды диний окуу жайдан тышкары жекече окутууга да жол берилбейт. Диний окуу жайларга мектепти толук аяктаган жана аттесстаты бар жаран гана кабыл алат. Мамлекеттик органдардын, Куралдуу күчтөрдүн, аскердик түзүлүштөрдүн, сот жана укук коргоо органдарынын, ооруканалардын имараттарында үгүт жана агартуу иштерин жүргүзүүгө жол берилбейт. Аскер кызматчылары өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып диний мамилени пропагандаласа болбойт.

Автор: Т-Медиа > 374 макала