БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Садыр Жапаров Ирандагы жардыруудан кийин көнүл айтты

Садыр Жапаров Ирандагы жардыруудан кийин көнүл айтты

Ирандагы жардыруудан

Президенти Садыр Жапаров Ирандын президенти Эбрахим Раисиге Керман шаарында болгон терактка байланыштуу көңүл айтты.

“Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жалпы боордош Иран элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетишин тилейм», - деп айтылат өлкө башчынын билдирүүсүндө.

3-январда Ирандын түштүк-чыгышындагы Керман шаарында генерал Касем Сулейманинин өлүмүнүн төрт жылдыгын эскерүү үчүн аза күтүү жүрүшү учурунда эки жолу жардыруу болгон. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Акыркы маалыматтар боюнча каза болгондордун саны жүздөн ашып, 211и жараат алган. Ирандык басылмалар жардыруулар көрүстөнгө кире беришине жакын жерде болгонун жазышууда. Ал жерде жардыруучу зат салынган эки баштык болгон.

Ирандын жогорку жетекчиси Али Хаменеи жүздөгөн адамдын өлүмүнө алып келгендерге катаал жооп кайтарарын убада кылды.

Курман болгондор үчүн Иранда бүгүн, 4-январь улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей