БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Садыр Жапаров: “Коомдо адилет пикирди жаратууңуздарга тилектешмин”

Садыр Жапаров:  “Коомдо адилет пикирди жаратууңуздарга тилектешмин”

Интернеттен алынды

Президент Садыр Жапаров журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

 

 

 Өлкө башсы кыргыз журналистикасы эгемендик жылдарында улуттук, маданий жана тарыхый баалуулуктарды бекемдөөгө олуттуу салымын кошуп келээрин айтып, “Төртүнчү бийликтин” күчү буга чейин да замандын кубаттуу кыймылдаткычы болгонун, мындан ары да боло берээрин белгилеген.

 

 “Биз жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин жигердүү жарандык позициясын, өз ишин ар-намыс, ариет менен аткарып, журналисттин негизги принциптерин - басылманын татыктуу ийгилигинин башаты болуп калган ишенимдүүлүктү, объективдүүлүктү жана ыкчамдыкты жетекчиликке алган адистердин эмгектерин жогору баалайбыз. Урматтуу курч калем ээлери, ар дайым калыстыктан тайбай, тараптардын кызыкчылыктарын тең салмактап, коомдо адилет пикирди жаратууңуздарга тилектешмин. Ар бир сөзүңүздөр окурмандардын, көрүүчүлөрдүн, угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапсын.”-деген Садыр Жапаров

 

Бүгүн 7-ноябрь өлкөдө - Маалымат жана басма сөз күнү белгиленет. Кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарыкка чыккан. Кыргызстандын Юстиция министрлигинен миңден ашуун гезит-журнал каттоодон өткөн.

 

Кыргызстанда авторитаризмдин белгилери күчөп, сөз эркиндиги жаатында абал начарлап жатат деген пикирлер  эки, үч жылдан бери байма бай айтылып келет.

 

Өткөн жылы  Президент Садыр Жапаровдун администрациясы “Массалык маалымат каражаттары тууралуу” жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон. Бул жаңы мыйзам дагы журналистттердин ишмердигин чектөөгө багытталган деп сындалып келет.

 

"Медиа Полиси" институту  президенттик администрацияга кайрылып, “Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган. Уюм эгер бул документ кабыл алынса сөз эркиндиги чектелерин, бийликке жакпаган сайттар жабылышы ыктымалдыгын эскертип, бийлик журналисттердин ишин чектегенден көрө "элдин бакубаттыгы жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу өңдүү негизги маселелер менен алектениши зарыл экенин" белгилеген.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей