БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Садыр Жапаров: Кыргызстанда сөз эркиндиги бар

Садыр Жапаров:  Кыргызстанда сөз эркиндиги бар

Садыр Жапаров

Бишкекте өтүп жаткан экинчи Элдик курултайда президент Садыр Жапаров өлкөдөгү аткарылып жаткан иштер, экономикалык абал боюнча маалымат берип, курултайдын катышуучуларына кайрылуу жасады. Жапаров сөзүнүн аягында Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин жана адам укуктары мындан ары да сактала турганын айтты. Ошондой эле курултайдын делегаттарына маселелерди ачык айтууга чакырды.

"Бизде сөз эркиндиги менен адам укугу бар. Ал мындан ары да сакталат. Ким оорчунду маселе көтөргүсү келсе же ачык сөз айткысы келсе ачык айтыңыздар. Бир гана сураныч, такталбаган жалган маалыматтарды айтып, кимдир бирөөлөрдүн аброюна шек келтирип, каралап шектегенден алыс болсоңуздар", -деген ал.

Кыргызстанда укук коргоочулар жана жарандык коом өкүлдөрү сөз эркиндиги жаатында абал начарлап жатат деген пикирлерди айтып келет.  Ушул күндөрү "ПолитКлиника" басылмасы мамлекеттик ЭлТР телеканалы менен соттошуп жатат. Ал эми Бишкек шаардык прокуратурасы "Клоопту" жабуу боюнча сотко кайрылган. 10-ноябрда Жогорку Сот "Вечерний Бишкек" гезитинин арызынын негизинде "Кактус медиа" басылмасына 500 миң сом, сайттын журналисти Диля Юсуповага 100 миң сом айып пул салган. 

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму ушул жылдын май айында дүйнөдөгү массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча жылдык рейтингин жарыялаган.Тизмеге 180 өлкө кирген. Кыргызстан бул рейтингде 122-орунга турат. Өткөн жылы Кыргызстан 72-орунда болсо, 2021-жылы рейтингде 79-орунда болгон. Ошентип, Кыргызстан бир жыл ичинде 50 позицияга төмөндөдү.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей