БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Садыр Жапаров: Матраимовду эки жолу кабыл алып, эскертүү бергем

Садыр Жапаров: Матраимовду эки жолу кабыл алып, эскертүү бергем

Коллаж

Президент Садыр Жапаров издөөдө жүргөн, мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду бир эмес эки жолу кабыл алып эскертүү бергенин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысы 14-мартта "Кабарга" берген маегинде айткан. Биринчисинде кримтөбөл Камчы Көлбаев экөөнү чогуу кабыл алып, экинчисинде жалгыз жолуккан.

"Экинчисинде Райым Матраимовдун өзүн кабыл алып "Эки миллиард төлөдүң, "Элдьдорадо" соода борборуң, 10 батириң жана башка оокаттарың мамлекетке өттү. Эми мындан ары тынч өз оокатыңды кыл. Криминалдарга аралашпа, алар менен дос болбо" деп айткам. Тилекке каршы, байланышын үзбөптүр да. Атайын кызмат анын криминал менен байланышкан иштерин таап чыгышты. Мурда эми өз эрки менен 2 миллиард төлөгөндөн кийин деп канча мүлкү бар экенин андан ары казган эмес. Бул жолу башкаларга каттап койгон мүлктөрүнүн баарын таап чыгышты. Мамлекеттин пайдасына өткөрүп жатышат", -деген ал.

УКМК Райымбек Матраимовго январдын аягында издөө жарыялаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу" беренесинин "Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө" бөлүгү менен айып коюлган. 

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө "мафия түзгөн" деп айыптаган.

Райымбек Матраимов 1997-жылдан тартып Бажы тармагында эмгектенген. Кызматтан көтөрүлүп отуруп, 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей