БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Садыр Жапаров менен БУУнун баш катчысы тышкы саясат, өнүгүү долбоорлору боюнча сүйлөштү

Садыр Жапаров менен БУУнун баш катчысы тышкы саясат, өнүгүү долбоорлору боюнча сүйлөштү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш.

Бүгүн, 2-июлда президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш  менен Чолпон-Ата шаарында жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы маалымадагандай, жолугушууда Садыр Жапаров өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизи болуп калган БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын жигердүү ишке ашырып келе жатканын белгиледи. Ошондой эле алар Кыргызстанды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү улуттук стратегиясына киргизилгенин айтып өттү. 

Мындан тышкары тышкы карызды туруктуу өнүктүрүү долбоорлоруна алмаштыруу жөнүндө айтып жатып, Садыр Жапаров карызды "жашыл" долбоорлорго алмаштыруу механизмдерин колдонуу менен өлкөнүн тышкы мамлекеттик карызын реструктуризациялоо маселесинин үстүндө иштөө сунушталып жатканын билдирди. Ал тышкы саясатта Борбор Азия менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурарын, Өзбекстан менен чек аранын чечилгенин, Тажикстан менен тактоо уланып жатканын да белгиледи.

Өз кезегинде БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш буга чейин Кыргызстанга болгон бир нече иш сапарында азыркыдай динамизмди көрбөгөнүн айтып, бардык жаралган маселелер дипломатиялык жол менен чечилип жатканын кубаттады. Ал бүгүнкү күндө Кыргызстан тынчтыктын символу экенин айтты.

Гутерриш Кыргызстан өнүгүүнүн бардык этаптарын ийгиликтүү басып өтүп, ар кандай тоскоолдуктарга карабастан, туура прогрессивдүү жолго түшкөнүн белгиледи. БУУ өлкөдө жүргүзүлүп жаткан бардык реформаларга ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады. 

Антониу Гутерриш Кыргызстанга 1-июлдун кечинде келген. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алган. 

БУУнун башкы катчысы Борбор Азиядагы сапарын 30-июнда Өзбекстандын борбору Ташкенттен баштаган. Ал өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен жолуккан. Мындан тышкары Гутерриш Казакстанга, Тажикстанга, Түркмөнстанга да барат. 4-июлда Астанада өтүүчү Шанхай  кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде сөз сүйлөйт.

Гуттериш акыркы жолу Кыргызстанга 2017-жылы келип кеткен.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей