БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Садыр Жапаров митинг улана берсе базарларга тышкы башкаруу киргизерин айтты

Садыр Жапаров митинг улана берсе базарларга тышкы башкаруу киргизерин айтты

Сүрөт: "Кабар"

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-октябрда Көзөмөл-кассалык машинелердин ишке киргизилишине баланыштуу "Кабар" агенттигине маек берди. Анда ал улам-улам үндөп митинг кыла беришсе, тышкы башкаруу киргизерин билдирди.  

 

Журналист “элди митингге үндөгөндөр жазасыз кала берби?” деп өлкө башчыга суроо узаткан. Жапаров эгер ушинтип улам-улам үндөп митинг кыла беришсе, алардын маселесин беш секундда чечерин, базарларга өкмөттүн атынан тышкы башкаруу киргизерин айткан. 

Ошондой эле Жапаров соодагер-бизнесмендерге, мурунку,азыркы чиновниктерге, өз мүлктөрүн ачыкка чыгарып, легализация кылууга шарт түзүп бергенин билдирген. 

“Ошол эле контейнери бар бай адамдардын, базар ээлеринин беш-алтыдан квартиралары, акыркы үлгүдөгү Лексус-570тери барлар бар. Башка аттарга каттатып коюшкан. Легализация кылып өз аттарына каттап алышсын. Ал үчүн жакшы шарт түзүп бердик. Буга чейин баарыбыз эле мүлктөрүбүздү башка бирөөнө каттатып келгенбиз да. Бул жашыруун деле эмес. Ошол эле контейнер ээлери дагы контейнерлерин башка бирөөлөрдүн аттарына каттатып коюшкан. Эми ошол мүлктөрүн ачыкка чыгарып өздөрүнө каттатышса болот.Биз: “Буга чейинкинин баарын унуталы, өткөнгө кайрылбай артка таштайлы”, - деп айтып келебиз. Эми мындан ары жашырмай жок. Келгиле, баарын ачык көрсөтүп, ачыкка чыгаралы, ачык салык төлөп туралы деп атабыз”-деди ал. 

Мындан сырткары ал жакында мүлкүн ачыктарын билдирди. 

Өлкө башчы маегинде үчүнчү күчтөр, соодагерлердин дооматтары, ККМ аппарты, патент жөнүндө айткан. Ага ылайык базарларда мамлекет эмес, базар ээлери шарт түзүп бериши керектигин белгилеген. “Биз эми ошол байларга салык төлөтөлү, кедейлерди салыктан бошотолу, эң жок дегенде орто байларга теңелип алсын деп жатабыз”-деген Жапаров.

Кыргызстанда 29-ноябрдан бери көпчүлүк ири базарлдарда соода кылгандар 1-январдан тарта жоюла турган патент системасын калтырууну талап кылып күн сайын митингге чыгып жатышат.

5-декабрда президент Садыр Жапаров "Дордойдогулар" менен жолугушууда базарларда иштегендерге 2024-жылдын 1-июлуна чейин патент менен иштөөгө уруксат берилгенин билдирди. Ал жаңы салык эрежелерине Салык кызматы өзү даяр эмес экенин белгиледи.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей