БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Садыр Жапаров Москвадагы терактка байланыштуу Путинге көңүл айтты

Садыр Жапаров Москвадагы терактка байланыштуу Путинге көңүл айтты

Интернеттен алынды

Өлкө башчы Садыр Жапаров Москвадагы террактка байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

Бул кылмышты чечкиндүү айыптоо менен бул жамандыкка натыйжалуу каршылык көрсөтүүгө багытталган аракеттерди колдой турганыбызды билдиребиз жана эл аралык терроризмге каршы күрөштө бүтүн дүйнөлүк коомчулуктун аракеттеринин биригишин жактайбыз”,- деп айтылат Садыр Жапаровдун билдирүүсүндө. 

Эске салсак, 22-март күнү Москвадагы Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл"концерттик залында ок атуу болду. Орусия бул окуяны "теракт"деп кылмыш ишин козгоду. Окуяда 60 адам каза болгону айтылып жатат. Жабыркагандар 140тан ашат.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей