БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Президент: октябрдан тарта пенсиянын минималдык көлөмү 6800 сомдон кем болбойт

Президент: октябрдан тарта пенсиянын минималдык көлөмү 6800 сомдон кем болбойт

Интернеттен алынды

Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялар 6800 сомдон кем эмес болорун айтты. Бул тууралуу мамлекет башчы 22-майда Бишкек шаарында өткөн "Жаңы кадам" социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде билдирди.

Жапаров 2021-жылы пенсия жана жөлөк пулдар жашоо минимумунан төмөн болбошу үчүн Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенин  белгиледи. 

"Пенсия курагында татыктуу өмүр сүрүүгө каражаты жол бербей турганы – бул акыйкатсыздыктын акыйкатсыздыгы десек да туура болот. Так ушул себептен 2021-жылы Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип жатканда, пенсия менен жөлөк пулдар жашоо шартын камсыздандыруу минимумунан кем болбошу керек деген пунктту киргизгенбиз. Социалдык төлөмдөрүбүз менен жөлөк пулдарыбыз да жашоо минимумунан жогору турган чекке тез арада жеткирүү үчүн талыкпай иштейбиз. Жакында эле томолой жетим балдар үчүн 500 миң сомдук "Келечекке салым" балдар аманатын ишке киргиздик. Ар бир томолой жетим 18 ге чыкканда колдоруна 500 миң сомдон алат. Бул каражатты балдар билим алуу максатында жана ипотека алуу үчүн баштапкы төлөм катары колдоно алышат", - деди президент.

Учурда Кыргызстанда пенсиянын эң аз төлөмү 2000 сомду түзөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2024-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанда калктын жан башына жашоо минимумунун орточо баасы 7769 сомду түзгөн. Ал эми пенсия курагындагылардын жашоо минимуму 6878 сом деп эсептелген.

Автор: Осмонова Айдана > 804 макала