БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Садыр Жапаров Сузактагы окуяда жабыркаган балдардан кабар алды

Садыр Жапаров Сузактагы окуяда жабыркаган балдардан кабар алды

Интернеттен алынды

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 4-майда Бишкектеги тез жардам балдар клиникалык ооруканасында Сузактагы массалык иш-чарда жабыркаган балдардан кабар алды. Бул тууралуу Президенттик администрациясынан маалымдашты.

Мамлекет башчысы дарыгерлер, балдардын ата-энелери жана коштоп келген туугандары менен жолугуп, балдардын саламаттыгына кам көрүүгө эң мыкты дарыгерлерди тартып, зарыл дары-дармектер менен толук камсыздоону тапшырды.

Өлкө башчысы массалык иш-чарадагы коопсуздук чараларына кайдыгер мамиле кылгандарга комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен чара көрүлөрүн белгиледи.

2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда "Манас айтуу" таймашы үчүн окуучулар жаратылышка чыгышкан. Анда "Хундай портер" үлгүсүндөгү унаа төмөн жакта манас айтып жаткан бир канча окуучуну тебелеп өтүп кеткен. Аталган окуяда жабыркап, абалы оор деп бааланган он бала 3-майда атайын борт менен Бишкекке жеткирилген. Баш сөөгү сынып, жарааты олуттуу экени айтылган тогуз жаштагы кызга бүгүн  эрте менен Бишкекте операция жасалды.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей