БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Садыр Жапаров: түрмөлөрдө тартип болушу керек

Садыр Жапаров: түрмөлөрдө тартип болушу керек

Садыр Жапаров

Өлкө башчы Садыр Жапаров социалдык тармактарда тараган Бишкектеги СИЗО жана абактарда айланасындагы окуялар боюнча 28-декабрда “Кабар” маалыматтык агентигине комментарий берди.

Президент Орусиядагы иш сапары учурунда интернеттен маалыматтарды окуп, Кыргызстанга чалып тактаганын айтты. Ал тинтүү учурунда абактардан 700гө жакын телефон алынганын билдирди.

Жапаров абакта отургандар телефондорду адамдарды алдап, акчасын тоноо үчүн колдонушарын айтты . Ал өзүнүн жана биринчи айымдын атын колдонуп, 30-50 миң сомдон акча алып койгон учурлар болгонун, мындай шылуундукка айрым мамлекеттик кызматкерлер жана алардын жакындары да кабылганын белгиледи.

"Тартип деген тартип. Мурдагы заман жок. Аны унутуш керек. Криминал бар өлкө эч качан өнүкпөйт. Инвестор келбейт. Башка мамлекеттер ишенбейт. Ири долбоорлорго катышпайт. Кыскасы криминал башкарган коррупциялык өлкөлөр эч качан өнүкпөйт жана келечеги жок өлкөлөрдүн катарында болушат".

Ал ошондой эле жакынкы жылдары абактардын ичине өндүрүш ачып, абакта отургандарды сыртта иштегендей эле эмгек акы менен камсыз кылаарын маалымдады.

Буга чейин соцтармактардын колдонуучулары абак жайларындагы кармалгандар ачкачылык жарыялаганы жана айрымдары сабалганы тууралуу билдиришкен. Кийин ондон ашык адам ушул талаптар менен тергөө абагынын алдына чогулуп, жакындары менен жолугушууну талап кылышкан.

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала