БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Садыр Жапаров тууну өзгөртүү мыйзамына кол койду
Президент Садыр Жапаров тууну өзгөртүү мыйзамына бүгүн, 22-декбарда кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды.
Анда мыйзам мамлекеттик башкы символдорунун бирин - тууну жакшыртуу максатында кабыл алынганы, желектеги күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөндүгү жазылган. Мыйзамда мамлекеттик туунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат. Ал эми автотранспорт каражаттарынын номердик белгилери жана туунун сүрөтү түшүрүлгөн транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин колдонулары айтылган.
Эске салсак: 20-декабрда парламент тууга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорду дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз эле колдоду. Документке 59 депутат "макул", бешөө "каршы" добуш берген.
Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин билдирген. Мындан улам ал коомчулукту желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиевди тепкилебөөнү суранган.
Мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгесин үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов көтөрүп чыгышкан. Авторлор күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүүнү сунуштап жатат. Алардын пикиринде, азыр туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен дилемманы пайда кылууда. Желектин сунушталган жаңы вариантында туунун нурлары тик чачырап, түндүктүн ортосундагы чамгарагы үчтөн төрткө көбөйтүлүп жатат.
Кыргызстандын мамлекеттик туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Анын авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Мамат Сыдыков.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat