БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент: Өзгөн жолун салып жаткан Таймураска ыраазы болушубуз керек

Президент: Өзгөн жолун салып жаткан Таймураска ыраазы болушубуз керек

Сүрөт: президенттин администрациясы

Президент Садыр Жапаров 2-октябрда "Кабар" агенттигине маек берип, Өзгөндөгү айланма жолду курууга Таймурас Ташиев инвестор тапканын, ага ыраазы болуу керектигин айткан. Мамлекет башчысы алгач ири эл аралык маанидеги жолдорду курууга көп акча кетерин, берилген жарыяга карабастан "бир дагы компания же жеке жактар мен салам деп келбегендигин" айтат. 

"Анткени жол өзүн-өзү узак убакытта актайт. Ал эми Өзгөн айланма жолун салып жаткан Таймураска ыракмат эле айтпайлыбы. Акчасы бар адамды издеп, инвестор таап келип, салып жатканына ыраазы болушубуз керек. Таймурас эгер, мамлекетке зыян келтире турган болсо, өзү ачкан компанияны киргизмек беле? Андай боло турган болсо бат эле билинип каларын жакшы билет да. Мамлекетке пайда келтирип жатканы үчүн ишенимдүү түрдө киришип жатат да".

Ал эми уулу Рустам Жапаров жана бир туугандары боюнча да комментарий берип, аларды мамлекеттик иштерге аралаштырбаганын айткан. Уулу инвесторлорду тартуу менен алек болуп, учурда Ысык-Көлдө гольф аянтчасын курдуруп жатканын кошумчалаган. 

"Андан сырткары өлкө боюнча ар бир айылга жарыгы менен камсыз болгон футбол аянтчасын курдурам деп былтыр иш баштаган. Бүгүнкү күндө Түп, Ак-Суу райондорун бүтүрүп, Жети-Өгүзгө жетип калды. Азыр эми бир эле маалда тигил жагы Баткенден, бул жагы Ат-Башыдан баштайбыз деп турушат. Алдыдагы 5 жылда өлкө боюнча бир дагы айыл футбол аянтчасыз калбайт деп жар салбай эле, мактанбай эле иштеп жүрүшөт. Таймурас дагы муктаж адамдарга үйлөрүн куруп берип, жетим-жесирлерге жардам берип жүргөнүн көрүп жүрөбүз. Кечээ жакында селдин кесепетинен улам, үйү жараксыз болуп калгандарга үй салып берип жатат. Мурда президенттердин балдары качан жардам берчү эле. Тескерисинче, “келе” дешчү эмес беле, чынбы? Эң негизгиси мамлекетке зыян келтиришпесе болду. Жасап жаткан иштери мамлекеттин иштери менен аралашпайт".

Кечээ, 1-октябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун ютуб-каналына "Өзгөндөгү жолго Тай-Мурас ээлик кылат. Ташиев баласына иш козгой алабы?" деген иликтөө чыккан. Материалда айланма жолду салып жаткан "Тез Жол" компаниясынын негиздөөчүлөрдүн бири  Тай-Мурас Ташиев  экени айтылган. 

Өзгөн шаарынан өтүүчү, узундугу 14 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу кыш мезгилинде башталган. Улуттук инвестициялык агенттик долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизиминин алкагында ишке ашырыларын, жолду бүтүрүүгө 2 миллиард 600 миллион сомдон ашыгыраак каражат сарпталары пландалып жатканын билдирген. 

Автор: Осмонова Айдана > 647 статей