БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Садыр Жапаров жумуш сапары менен Ошто жүрөт

Садыр Жапаров жумуш сапары менен Ошто жүрөт

Архивдик сүрөт

6-майда өлкө башчы Садыр Жапаров бир күндүк жумуш сапары менен Ош облусуна келди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлады.

Андан алынган маалыматка ылайык, Жапаров Ош мэриясы менен президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аткарган иштери жана пландары менен таанышат.

Муну менен катар президент Оштогу бир катар мектептердин ачылыш аземине катышары айтылды.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей