БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президенттин карындашы Лазат Нуркожоева райондук сотко ишке орношту

Президенттин карындашы Лазат Нуркожоева райондук сотко ишке орношту

Лазат Нуркожоева/ 2020-жыл

Президент Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоева Бишкектин Свердлов райондук сотуна сот отурумунун катчысы болуп ишке кирди. Маалыматты "Т-Медига" Жогорку Соттун басма сөз кызматы ырастады. Анын ишке орношконуна бир ай боло электиги айтылды.

Нуркожоеванын Свердлов райондук сотуна ишке орношкону тууралуу мурдараак иликтөөчү журналист Болот Темиров жазып чыккан.

Лазат Нуркожоева президенттин иниси Дөөлөтбек Жапаровдун кызы. Ал Кыргызстанда модель катары белгилүү. Нуркожоева "Кыргызстан сулуусу 2020" сынагында жеңүүчү деп таанылып, баш байге катары BMW X5 унаасын алган. 

2022-жылы  Лазат Нуркожоева "Lamonte" деген аталыштагы өзүнүн жеке кийим-кече брендин ишке киргизген. Атасы Дөөлөтбек Жапаров журналисттерге бизнести ачууга акчаны насыяга алышканын түшүндүргөн.  

2020-жылы айрым ЖМКлар Нуркожоеваны Кыргыз юридика академиясында 3-курста окуп жаткандыгын жазышкан.

 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей