БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
«Сахарово» миграциялык борборунда 93 кыргызстандык кармалып турат
Орусиянын чет элдиктерди убактылуу кармоочу "Сахарово" миграциялык борборунда ушул тушта 93 кыргыз жараны камалып турат. Алардын алтоо аялдар. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери 5-декабрда аталган борборго барган. Алар кыргызстандыктар менен жолугуп, юрдикалык кеп-кеңештерди беришкен. Борбордун шарты, укук бузууга байланыштуу даттануу түшкөн эмес.
"Кызматкерлер аталган мекеменин жетекчилиги менен жолукту. Анда бул жайда камалып турган кыргызстандык жарандардын укугун сактоо, өз мекенинен убагында чыгып кетүүсүнө шарт түзүү маселелери талкууланды",-деп жазылган маалыматта.
Расмий мааалыматтарга караганда, ушул тушта Орусияда 334 миңдей кыргыз жараны жашап, иштеп жүрөт.
Орусияда мигранттарга карата талап-эрежелер катаалданганы, текшерүүлөр күчөтүп жатканы айтылып келет. Буга чейин Москвага учуп барган айрым мигранттарды эч себепсиз киргизбей, аба майдандан эле кайтарган учурлар да бар.
Автор: Боромбаев Максат > 157 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat