БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Салык инспектору пара алып жаткан учурда кармалды

Салык инспектору пара алып жаткан учурда кармалды

УКМК

20 миң АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы менен Салык кызматынын инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети  билдирди.

 

«Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкери Ж.Б.Ж. ишкерлердин биринен салыктык текшерүү жүргүзөм деп коркутуп, 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген»-, деп айтылат маалыматта.

Ал 19-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын аймагында беш миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалган.

Учурда УКМК тарабынан бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлп жатат.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей