БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Салык кызматы: жаңы жылдан тарта ишкерлер патент менен иштей алышпайт

Салык кызматы: жаңы жылдан тарта ишкерлер патент менен иштей алышпайт

Сүрөт: "Клооп"

2024-жылдын 1-январынан тартып өлкөдө  патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады. 


Патенттин негизинде соода кылган ишкерлер салыктын башка режимдерине өтүшү керек. Ал үчүн ишкерлер төмөнкүлөрдү тандай алышат:

  • жалпы салык режими: салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт;
  • бирдиктүү салык: чакан жана орто бизнес үчүн салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Жылдык кирешенин көлөмү 8 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30 млн сомго чейин – 0,5% жана 50 млн сомго чейин – 1%ды  түзөт.

Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер контролдук-кассалык машинаны (ККМ) пайдаланууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды, ошондой эле бир катар башка милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү.

Көрсөтүлгөн салык режимдеринин бирөөсүнө өтүш үчүн ишкерлер катталган жери боюнча салык органына арыз бериши керек.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей