БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Салык кызматы: 400дөн ашык салыкчыга чара көрүлүп, 60га жакыны кызматтан алынды

Салык кызматы: 400дөн ашык салыкчыга чара көрүлүп, 60га жакыны кызматтан алынды

Сүрөт: "24.kg"

Салык кызматы жыл башынан бери жарандарга орой мамиле жасаган жана мыйзамсыз аракеттерге барган 445 салыкчыга чара көрүлгөнүн билдирди. Анын ичинен 60тан ашык кызматкер иштен алынган. 

 

Мекеменин маалыматына караганда, 445 кызматкерге жумуштан алуу, башка бөлүмдөргө которуу, кызматтан төмөндөтүү жана башка чаралар көрүлгөн. 

Буга чейин соцтармакта 445 салыкчы иштен алынганы боюнча маалыматтар чыккан. Мындай маалыматты Бишкектеги Горький сейил багында соодагерлердин нааразылык акциясында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев айткан.

Кыргызстанда 29-ноябрдан бери көпчүлүк ири базарлдарда соода кылгандар 1-январдан тарта жоюла турган патент системасын калтырууну талап кылып күн сайын митингге чыгып жатышат.

5-декабрда президент Садыр Жапаров "Дордойдогулар" менен жолугушууда базарларда иштегендерге 2024-жылдын 1-июлуна чейин патент менен иштөөгө уруксат берилгенин билдирди. Ал жаңы салык эрежелерине Салык кызматы өзү даяр эмес экенин белгиледи.

Автор: Осмонова Айдана > 650 статей