БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Салык кызматынын беш инспектору пара алууга шектелип кармалды

Салык кызматынын беш инспектору пара алууга шектелип кармалды

УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 24-апрелде кабарлагандай, кармалгандардын баары Салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук башкармалыгынын кызматкерлери болгон.

Алар видеобайкоо жок жерлерде тиешелүү маселелерди чечип бергени үчүн ишкерлерден такай акча алып жүргөн деп айыпталууда. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгү ("Адамдар тобу тарабынан пара алуу") менен кылмыш иши козголгон.

"Жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча ишкердик субъекттеринен акча каражаттарын алуунун көптөгөн фактылары документтештирилген", -деп билдирди УКМК. 

 Кармалгандар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Автор: Т-Медиа > 354 статей