БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
УКМК Салык кызматынын жооптуу кызматкерлерин кармады
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Салык кызматындагы жооптуу кызматкерлер кармалганын билдирди. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен айыпталууда.
Атайын кызматтын 4-декабрда тараткан маалыматына ылайык, кээ бир ири өндүрүүчүлөр алкоголдук жана курамында кант бар азыктарды, тамекини факт түрүндө өлкөнүн түштүгүнө жеткирип, андан кийин жөнөтүү документтерин базадан чыгарып турган. Салыкчылар мындай ишти көз жаздымда калтырганы айтылат. Текшерип келгенде быйыл 3,2 млрд сомго бааланган товардын коштомо баракчалары табылган эмес.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иш козголуп, Бишкектин үч райондук салык башкармалыгынын жетекчилери жана ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы кармалган.
Жергиликтүү басылмалар 3-декабрдын кечинде Бишкектин Биринчи май, Ленин, Свердлов жана Октябрь райондук салык башкармалыктарында тинтүү жүрүп жатканын жазышкан.
Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat