БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Салык кызматынын жетекчилери 20-январга чейин камакка алынды

Салык кызматынын жетекчилери 20-январга чейин камакка алынды

Сүрөт интернеттен алынды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 6-декабрдагы чечими менен 2025-жылдын 20-январына чейин камакка алынды. Бул тууралуу райондук соттон маалымдашты.

УКМК алар 6-декабрда кармалганын, жетекчилердин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталганын билдирдирген.

Буга чейин жетекчинин дагы бир орун басары Бекболот Алиев сурак берип жатканы кабарланган. Мындан тышкары мекеменин  Бишкектеги райондук башкармалыктарынын төрт жетекчиси кармалган.

Салык кызматы бул тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупциялык иштерге байланыштуу Мамлекеттик салык кызматынын дагы башка кызматкерлери кармалышы мүмкүн экенин билдирген. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 157 макала