БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Салык кызматынын жетекчилери убактылуу кызматтан алынды
Тергөө иштерине байланыштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу 7-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Муну менен катар Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов дагы ээлеген кызматынан убактылуу бошотулду. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Маалыматка караганда, Абдуваповдун милдетин аткаруу Бишкектин Биринчи май райондук салык кызматынын башчысы Кыдыкбек Кыдыровго жүктөлдү.
Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 6-декабрдагы чечими менен 2025-жылдын 20-январына чейин камакка алынган. УКМК алар 6-декабрда кармалганын, жетекчилердин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталганын билдирдирген.
Буга чейин жетекчинин дагы бир орун басары Бекболот Алиев сурак берип жатканы кабарланган. Мындан тышкары мекеменин Бишкектеги райондук башкармалыктарынын төрт жетекчиси кармалган.
Салык кызматы бул тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.
Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупциялык иштерге байланыштуу Мамлекеттик салык кызматынын дагы башка кызматкерлери кармалышы мүмкүн экенин билдирген.
Автор: Боромбаев Максат > 157 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat