БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК: Сапар Исаковго Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү берген унаа аныкталды

УКМК: Сапар Исаковго Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү берген унаа аныкталды

Сүрөт: УКМК

Экс-премьер министр Сапар Исаковго кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан белекке берилген кымбат баалуу унаа аныкталды. Бул тууралуу 30-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. 

 

Маалыматка караганда, бул иш боюнча белгилүү балбан Мурат Рамонов кармалган. Ал "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Көлбаевдин кылмыштуу жол (рэкет, опузалоо, ишкерлерден опузалап алуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен алынган мүлктөрүнүн  мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында өзүнүн атына каттатып, кийин айрым саясатчыларга өткөрүп бергени аныкталды.

 

2020-жылдын октябрь айында Рамонов 2015-жылы чыгарылган "Мерседес-Бенц S600" брондолгон унаасын  экс-премьер-министри С.Исаков абактан чыккандан кийин ага өткөрүп берген. Андан кийин 2020-жылдын 5-октябрында С.Исаков айрым саясатчылар менен биргеликте бул унааны Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында массалык баш аламандык уюштуруу аракетинде колдонгон.

 

Мурат Рамонов грек-рим күрөшү боюнча Азиядан бир нече жолу байгелүү орундарды алган, Рио Олимпиадасынын катышуучусу.
 

Автор: Осмонова Айдана > 618 статей