БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Сапат": окуучуга кол көтөргөн мугалимдин окуясын милиция териштире баштады

"Сапат": окуучуга кол көтөргөн мугалимдин окуясын милиция териштире баштады

Сүрөт интернеттен алынды

"Сапат" билим берүү лицейинин жетекчилиги Кызыл-Кыяда жайгашкан Исхак Раззаков атындагы лицейде мугалим окуучуга кол көтөргөн окуя тууралуу билдирүү таратты. Маалыматка караганда, териштирүүдөн кийин мугалим менен тарбия иштери боюнча директордун орун басары жумуштан бошотулду. Ал эми директордун жеке жоопкерчилиги Башкы дирекциянын педагогикалык кеңешинин чукул жыйынында каралат. 

"Билим берүү мекемесинин жетекчилиги балага кол көтөргөн педагогдун туура эмес аракеттеринен жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен чын дилинен кечирим сурайт. Өз кезегинде жетекчилик Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы лицейдин администрациясы менен педагогуна тиешелүү чараларды көрдү, ошол эле учурда окуучулардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт",-деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу Билим берүү министрлиги дагы маалымат берип, балдардын укуктарын коргоо боюнча комиссия түзүлгөнүн кабарлады. Жеринде анализге алуу үчүн даярдыктар жүрүп жатат.

Мугалим экени айтылган адам жатаканада окуучуну сабап жаткан видеону "Спутник Кыргызстан" телеграм-каналына жүктөдү. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы окуя 22-январда кечинде болгонун маалымдады. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

"Сапат" эл аралык билим берүү мекемеси Кыргызстан боюнча 16 лицейди, бир эл аралык мектепти, ошондой эле 11 башталгыч мектепти жана эл аралык Ататүрк-Алатоо университетин камтыйт.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей