БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сауд Арабияда ажылык сапарда каза болгондор арасында кыргызстандыктар жок

Сауд Арабияда ажылык сапарда каза болгондор арасында кыргызстандыктар жок

Сүрөт: Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фейсбук баракчасынан алынды

Бул тууралуу 21-июнда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирип, видео менен бөлүштү.  Тасмада кыргызстандык жарандардын ден-соолугу чыңдыгы, дарыгерлердин көзөмөлүндө жүрүшкөнү айтылат.

"Жаңылыктардан "Сауд Арабияда ажылык сапарда жүргөндөрдөн көп адам каза болуп жатат" деген жаңылыктар тарап жатыптыр. Ошондук бул жакка ата-энесин, жакынын жиберген мекендештерибизге кайрылып коёлу дедик. Кудайга шүгүр, ажылык башталгандан бери аягына чейин Кыргызстандан келгендер аман-эсен эч ким каза болгон жок. Биз менен келген дарыгерлер бар. Алар жакындан жардам берип жатышат. Бул жактагы жакындарыңыздардан сарсанаа болбоңуздар" - деп айтылат видеодо.

Буга чейин "Франц-пресс" FР) агенттиги Сауд Арабияда ажылык сапар учурунда каза болгондордун саны миңден ашканын кабарлаган. Алардын 658и Египеттин, 68и Индиянын, 60ы Иорданиянын, 35и Пакистандын жана 35и Тунистин жарандары. Алардын арасында Тажикстандын үч жараны бар экени айтылууда. ТАСС агенттиги Орусиянын башкы консулдугуна таянып, Меккеде беш орусиялык каза болгонун жазды.

Быйыл Мекке шаарына 22 өлкөдөн 1,5 миллиондой адам ажылыкка барган. Сауд Арабиясынын Улуттук метеорологиялык борборунун маалыматына караганда, 17-июнда Меккеде абанын температурасы дээрлик 52 градуска жеткен.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей