БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сауд Арабияда каза болгон зыяратчылардын саны миңден ашты

Сауд Арабияда каза болгон зыяратчылардын саны миңден ашты

Сүрөт: "Франц-пресс”агенттиги

"Франц-пресс" (АFР) агенттиги Сауд Арабияда ажылык сапар учурунда каза болгондордун саны миңден ашканын кабарлады.

 

Алардын 658и Египеттин, 68и Индиянын, 60ы Иорданиянын, 35и Пакистандын жана 35и Тунистин жарандары. Алардын арасында Тажикстандын үч жараны бар экени айтылууда. ТАСС агенттиги Орусиянын башкы консулдугуна таянып, Меккеде беш орусиялык каза болгонун жазды.

Аталган агенттиктин маалыматына ылайык, көз жумган зыяратчылардын жарымынан көбү каттоодон өткөн эмес. Алардын басымдуу бөлүгү үчүн кондиционер коюлган бөлмөлөр жана медициналык жардам жеткиликсиз болгон. 

Быйыл Мекке шаарына 22 өлкөдөн 1,5 миллиондой адам ажылыкка барган. Сауд Арабиясынын Улуттук метеорологиялык борборунун маалыматына караганда, 17-июнда Меккеде абанын температурасы дээрлик 52 градуска жеткен.

Кыргызстандын муфтияты каза болгондордун арасында өлкө жарандары жоктугун билдирди.

Кыргызстанда быйылкы ажылык сапар 3-июндан тарта башталган.  Муфтияттын маалыматы боюнча, өлкөгө 6060 квота берилген. Ажылыкка баруунун акысы 3750  доллар деп бекитилген.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей