БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
«Сауд өнүктүрүү» фонду Кыргызстандагы 38 мектептин курулушуна каражат бөлүүнү карап чыгат
Президент Садыр Жапаровдун 11-ноябрда Сауд Арабияга болгон иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн "Сауд өнүктүрүү" фондунун аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушту. Анда фонд Кыргызстандагы 38 мамлекеттик мектептин курулушуна 50 млн доллар каражат бөлүүнү карап чыгары айтылды.
Маалыматка караганда, фонддун жетекчиси Кыргызстанда туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоону улантарын айткан. Ошондой эле учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу жана өз ара кызматташтыкты кеңейтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшарын белгиледи.
Садыр Жапаров мындан тышкары мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай куруунун экинчи фазасы үчүн каржылоонун көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн да карап чыгууну сунуштап, Султан Абдурахман Аль-Маршадды Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.
"Сауд Өнүктүрүү" 1974-жылы Сауд Арабиясы тарабынан өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө колдоо көрсөтүү максатында негизделген. Фонд кыргызстанга 1990-жылдардан тартып ар кандай тармактарда социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылап келет.
Автор: Улукбек кызы Асем > 427 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat