БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Савай айыл аймагынын башчысы пара берүүгө шектелип кармалды

Савай айыл аймагынын башчысы пара берүүгө шектелип кармалды

УКМК тараткан сүрөт

Кара-Сууда Савай айыл аймагынын башчысы пара берүүгө шектелип кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерине 20 миң доллар пара бермек болгону айтылып жатат. Бул тууралуу Атайын кызматтын басма сөз кызматы 2-октябрда билдирди. 

Маалыматка караганда, ал Жаңы-Арык аймагынын башчысы болуп турганда айылда жер тилкелерин жасалма адамдарга мыйзамсыз жол-жоболоштурган. Алар турак жай куруу жана коммерциялык багытта колдонууга деп берилген. 

Жетекчи бул аракеттери маалым болгондо, ага оң чечим чыгаруу максатында УКМК кызматкерине 20 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара сунуштаган.

Кармалган жаран  УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

УКМК тараткан К.М.К инициал Кыргызбаев Мурат Кыргызбаевичке туура келет. Кыргызбаев Савай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп былтыр февраль айында дайындалган.

Автор: Осмонова Айдана > 648 статей