БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Азимбек Бекназаровдун тарапташтарынын митингге чыккан видеосу тарады

Азимбек Бекназаровдун тарапташтарынын митингге чыккан видеосу тарады

Сүрөт: Интернеттен алынды

Социалдык тармактарда саясатчы Азимбек Бекназаровдун тарапташтары чогулуп, митингге чыккан видео тарап жатат. Тасмада жүзгө чукул жаран чогулганын көрүүгө болот. 

Чогулгандар Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айылынын тургундары экени видеодо жазылган. Алар Азимбек Бекназаровдун абактан бошотулушун талап кылышкан плакаттарды көтөрүп чыгышкан. Мындан сырткары Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган активисттерди да бошотуу талабын коюшту. 


"Жапаровдун өлкөдөгү "өзүм билемдик" саясаты токтотулсун! Мыйзамсыз кармалышкан Бекназаров баш болгон Кемпир-Абадчылар, Адахан Мадумаров, журналисттер, акындар камактан токтоосуз бошотулсун "- деп айтылат видеодо.


Айтылган талаптар Орозо айы ичинде аткарылбаса саясий акциялар уланарын билдиришкен. 

2022-жылдын октябрь айында "Кемпир-Абадды коргоо комитети" түзүлгөн. Анын курамына мурдагы депутаттар, саясатчылар, активист жана башкалар кошулуп, Курултай өткөрүшкөн. Андан көп өтпөй 20дан ашуун адам кармалган. Алардын айрымдары бүгүнкү күнгө чейин абакта отурса, кээ бирлери боштондукка коё берилген.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей