БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Саясатчы Кубанычбек Кадыров үй камагына чыкты

Саясатчы Кубанычбек Кадыров үй камагына чыкты

Сүрөт: Т- Медиа. Кубанычбек Кадыров

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 20-марттагы чечими менен Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы Кубанычбек Кадыров үй камагына чыгарды. Бул тууралуу райондук соттон билдиришти.

Ал 20-майга чейин үй камагында болот. 

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Учурда кармалган 27 кишинин тогузу тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Ушул тапта оппозициялык саясатчылар Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Кеңешбек Дүйшөбаев, журналист Айданбек Акматов, Таластын мурдагы губернатору Айбек Бузурманкулов, активисттер Марат Баязов, Илгиз Шаменов жана Тимур Махмудов №1 тергөө абагында.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке "жашыруун" грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп жатат. Милиция аларды "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү", "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Кармалгандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей