БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

СДПК лидери Шакиевге байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылды

СДПК лидери Шакиевге байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылды

Сүрөт: Темирлан Султанбеков

 

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиеди жоопко тартууну суранып, Башкы прокуратурага арыз берди. Бул тууралуу ал 22-декабрда  "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, каттын сүрөтүн жүктөгөн.

Султанбековдун катында азыркы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш мамлекеттик символдорго өзгөртүү киргизе албай турганы айтылат.

"Жогору Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ( Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана 337-берене Бийликтен аша чабуу) менен кылмыш ишин козгоону суранам. Анткени азыркы Баш мыйзамга ылайык Жогорку Кеңеш мамлекеттик символдорду өзгөртө албайт. Анда парламентттин мамлекеттик сыйлыктарды иштеп чыгуу, чек араны өзгөртүү сыяктуу ыйгарым укуктары жазылган. Ал эми “Жогорку Кеңештин Регламенти” жөнүндө мыйзамдын 3-беренесинде 40тан ашык укугу жазылган. Бирок анын ичинде да мамлекеттик символдорду өзгөртүү жөнүндө сөз жок", - деп жазылган катта.

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алган. Ал эми 22-декабрда аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон. 

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген. 

Кийин тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалып, сот аны эки айга камакка алган.

 

 

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей