БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сел агызып кеткен дагы эки адамдын сөөгү Анжияндан табылды

Сел агызып кеткен дагы эки адамдын сөөгү Анжияндан табылды

Сүрөт: ӨКМ

Ошто сел агызып кеткен 19 жана 10 жаштагы эже-сиңдилердин сөөгү бүгүн саат эки жарымдарда Өзбекстандын Шахронсой сайынан табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, алардын жасаты Анжиян шаарынын мейитканасына жеткирилди.  

Буга чейин кыздардын алты жаштагы сиңдисинин сөөгү да аталган сайдан табылган. Ал эми 44 жаштагы апасынын сөөгү Ак-Буура дарыясынын - Өзбекстанга жакын жерден табылган. Азыркы учурда дагы бир аялды издөө иштери уланууда.

14-июлда катуу жааган жамгырдан улам Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, жака белиндеги эс алуу жайын, борбордук базарды каптаган. Төлөйкөн айылында жайгашкан "Мөл булак" эс алуу жайында 44 жаштагы аялды кыздары менен кошо сел агызып кеткени кабарланган. Ал эми экинчи аялды борбордук базардан сел суулары алып кеткен. 

Шаарда өзгөчө кырдаал режими өкүм сүрүүдө.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей