БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Сүрөт интернеттен алынды

Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда 2-августтан 3-августга чейин сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып кабарлады.

Бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Селден жапа чекпөө үчүн төмөнкү сел коопсуздуктарын сактаңыз:

*арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;

*турак үй жайгашкан жерде жаан суулары - агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;

*үй же сарайды эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын салбаңыз;

*сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;

*мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.

Акыркы учурда Кыргызстанда адам өлүмү менен коштолгон жаратылыш кырсыктары көп катталып жатат. Селдин көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу 86%га өскөн. Өлкөдө быйыл 20-апрелден 1-июлга чейин 200дөн ашык сел катталып, анын чыгымы 170 миллион сомдон ашкан. Соңку айларда суу ташкындан 19 адамдын өмүрү кыйылды. 

Жаратылыш кырсыгы эмнеге көбөйүп жатканы, анын кесепети жана табигый кырсыктарга мындан ары эмнеге даяр туруу керектиги тууралуу Т-Медианын материалынан таанышсаңыз болот. 

 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей