БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Селден улам Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу жабылды

Селден улам Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу жабылды

Интернеттен алынды

Бүгүн, 8-июлдагы нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда сел жүрүп, жолдун 71-чакырымында каттам убактылуу токтоду. Бул тууралуу  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик аталган аймакта азыркы тапта да жамгыр жаап жатканын кошуп. Ошондой эле 133-135-чакырымдар аралыгындагы жол да бир тараптуу жабылган. 

Сел түшкөн тилкелерге “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №959 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана техникалар тартылууда. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-12-июль күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөрүн, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү, таш кулоо коркунучу бардыгын эскертүүдө. 

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкөдө соңку үч айда 236 сел катталып, 170 млн чыгым болгонун билдирген. Июнь айынын аягында Ноокат жана Кара-Кулжа райондорунда сел жүрүп, 14 адамдын өмүрүн алган.

 

 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей