БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Селден улам Баткен районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Селден улам Баткен районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Ак-Татыр айылындагы селдин кесепетин жоюу иштери. Сүрөттөр: ӨКМ

10-июлдагы селден улам Баткен районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, табият кырсыгынын кесепетин жоюу, зыяндарды тактоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.  Маалым болгондой, сел суулары турак үйлөргө, ички чарбалык жолдорго кирген. 

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн 11-июлда таңга маал Ак-Татыр айылынын Аэропорт жана Өрүкзар тилкесинде министрликтин 121 куткаруучу, жети мотопомпо жана облустук Жарандык коргоо  кызматтары тартылды. Жеринде 14 техника иштеп жатат. 

Селден улам 10-июлдун кечинде Аэропорт жана Өрүк-Зар тилкесинин 100дөн ашуун тургуну коңшу айылга көчүрүлгөн. Эвакуациялангандардын арасында 40 бала бар.

Өлкө аймактарында быйыл 20-апрелден 1-июлга чейин 236 жолу сел катталып, анын чыгымы 170 миллион сомдон ашканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдаган.

28-июнда Ош облусунун Ноокат районунун Борбаш айылында нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп, он адамдын өмүрү кыйылды. Анын төртөө Казакстандын жарандары, калгандары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. 30-июнда Кара-Кулжа районунда жүргөн сел милиционердин, анын аялынын жана эки уулунун өмүрүн жалмады.

Автор: Т-Медиа > 352 статей