БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Селден улам Ошто 7,5 миң керектөөчү жарыксыз калды

Селден улам Ошто 7,5 миң керектөөчү жарыксыз калды

Сүрөт: Энергетика министрлиги

Оштогу селдин кесепетинен улам Кара-Суу районунда 7,5 миңдей керектөөчү жарыксыз калды. Учурда бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн адистер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги
14-июлдун кечинде кабарлады.

Маалыматка карганда Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу райондук бөлүмү тейлеген 7,5 миң керектөөчү жарыксыз калды. Сел бул аймактан сегиз даана электр тирөөчтү сел агызып кеткен. 

"Кара-Сууда 110/10 кВ Беш-Мойнок көмөк чордонуна сел киргендиктен, Фуркат, Подсобный, Ачы, Коровник фидерлери чыңалуусуз калган. Мындан сырткары Ош шаарындагы сел Ак-Буура дарыясынын боюндагы бир даана электр мамычасын агызып кеткен. Жалпы 26 адамдан турган авариялык оңдоп түзөө бригадалары иштеп жатат",-деп айтылат маалыматта.

Министрлик учурдакеректөөчүлөргө  башка көмөк чордондон электр энергиясын берүү боюнча жумуштар жүрүп жатканын маалымдады. Ал үчүн жалпы 26 персоналдан турган авариялык оңдоп  түзөө  бригадалары иштеп жатат. 

14-июлда түштөн кийин катуу жааган жамгырдан улам Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун бир катар айылдарында жана Ош шаарында сел жүрдү. Чогулган суулардан улам Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, борбордук базарды жана сейил бактарды каптап кетти.

Ош шаарында сел кырсыгынан улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Ош шаардык мэриясы Озгур айылында жарандарды селден куткаруу маалында бир адамды камаз тебелеп кетип каза болгонун билдирди.

Ал эми Төлөйкөн айылындагы "Мөл булак" эс алуу жайында сел агызып кеткен төрт адам табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар бир үй бүлө мүчөлөрү экенин маалымдады. Учурда издөө иштери жүрүп жатат.

Сел суулары жалпы 134 үйгө кирген, 17 үйдүн дубалы бузулган. Болжол менен 15 машина жабыркаган. Сел агызып кеткен жети автоунаанын төртөө табылды.

 

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей